30-апрелде Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде жазуучу Кабдеш Жумадиловдун 90 жылдыгына арналган эл аралык илимий-методикалык конференция өттү.
Иш-чара “Жумадил окууларынын” алкагында уюштурулуп, тарыхый романдардын өзгөчөлүктөрү, адабий мурастын мааниси жана аны заманбап шартта кабыл алуу маселелери талкууланды.

Жыйынга жергиликтүү жана чет өлкөлүк окумуштуулар, адабият таануучулар, окутуучулар жана студенттер катышты. Конференцияда жазуучунун чыгармачылыгы улуттук тарыхты чагылдыруудагы орду, көркөм интерпретация жана басма процесси аркылуу окурманга жеткирүү маселелери кеңири каралды.

Ошондой эле заманбап санарип доорунда адабий чыгармаларды кабыл алуу өзгөрүп жаткандыгы белгиленип, басма жана редакциялык ишмердүүлүктүн ролу өзгөчө баса белгиленди.
Иш-чара Кыргызстан менен Казакстандын илимий жана маданий кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түздү.




