Кемелбек Киязов Баку шаарында өткөн эл аралык марафондо биринчи орунду ээледи
7
Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн эл аралык марафондо милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов ийгиликтүү катышты.
Анда, ардагер 42 км 200 метр аралыкты чуркап өтүп, 70 жаштан жогорку курактык категорияда биринчи орунду багындырды. Жалпы марафонго дүйнөнүн ар тарабынан келген 26 миңден ашуун спорт сүйүүчүлөр катышкан.
Белгилей кетсек, Кемелбек Киязов 2024-жылы Анталия шаарында өткөн эл аралык марафондо «Спорт чебери» наамын алууга коюлган ченемдерди аткарган. Ошондой эле 2025-жылы Казакстандын Түркстан шаарында өткөн салттуу «Turkistan Marathon» жарышына катышып, 42 км 195 метр аралыкты 3 саат 46 мүнөт 2 секундада чуркап өтүп, өз курактык категориясында үчүнчү орунга ээ болгон.