7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде сел тосмолору курулат

35

 Канатбек Чыныбаев Баткен облусунда сел коркунучу бар аймактар менен таанышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалым болгондой, анда ал Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө жумуштарын жеринде көрүп чыкты.

13 миңден ашык калк жашаган Бужум айылында да жаңы конушту өзгөчө кырдаалдардан коргоо максатында тосмо куруу зарыл. Бул боюнча жарандар Элдик курултайда өлкө башчысына кайрылуу жасашкан. Аталган обьектте болгон министр тиешелүү иш-кагаздарын бүткөрүү тапшырмасын коюп, ӨКМдин “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн обьектисинин негизинде коргоо чаралары ишке ашарын убада берди.

Ошондой эле министр Таян айылындагы “Ысырык жай” тилкесинде болжол менен 100 метр аралыкка сел тосмо куруу зарылчылыгын көрдү. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан долбоордук изилдөө иштери аткарылгандыктан, аталган айылды сел коркунучунан коргоого алуу ӨКМ тарабынан аткарылат.

«30-апрель күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел келген Тамаша сайы ички чарбалык жол катары пайдаланылгандыктан, кооптуулук жогору. Бул багытта район акими менен жеринде талкуу жүргүзүп, коргоо чараларын биргеликте ишке ашыруу каралды», — деп айтылат маалыматта.

36