7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Май майрамдарында Бишкекте 120дан ашуун айдоочу мас абалында унаа башкарган

17

Бишкек шаарында май майрамдарына байланыштуу коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу шаардык милиция башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1–3-май күндөрү райондук милиция бөлүмдөрүнө ар кандай укук бузуу фактылары боюнча 400дөн ашык жаран жеткирилген. Алардын ичинен соттун чечими менен 60тан ашуун адам Бишкек шаардык ИИМдин атайын кабыл алуу жайына киргизилген.

Ошондой эле 5 миңден ашык административдик протокол түзүлүп, алардын ичинен 125 учур автоунааны мас абалында башкаруу фактысы катары катталган. Мындан тышкары, 1 миңден ашык унаа айып короолоруна токтотулган.

Милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыз кылуу иштерин күнү-түнү улантууда. Күчөтүлгөн режимдеги иш-чаралар 10-майга чейин уланары кабарланды.

18