7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу менен таанышты

41

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автовокзал комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору көрсөтүлдү. Ага төмөнкүлөр кирет:

  • айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана,
  • кеңири күтүү залы,
  • перрон,
  • административдик имарат,
  • коммерциялык жайлар,
  • шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн унаа токтотуучу жайлар,
  • жеңил жана башка унаалар үчүн өзүнчө токтотуучу жайлар.

Президент Садыр Жапаров объектти кыдырып чыгып, курулуштун жана колдонулуучу материалдардын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын август айына чейин аяктоо күтүлүүдө.

42