7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштон Сауд Аравияга 180 зыяратчы жөнөп кетти

209

10-майда Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу «Ош» эл аралык аэропортунан Медина шаарына аттанды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдирди.

Муфтий ажыларды убакытты үнөмдүү пайдаланууну, зыяратты шарият көрсөткөндөй орундатууну, ажылык – бул машакат экенин, андыктан ар кандай жагдайларда сабырдуу болууну насаат кылуу менен бирге, ажы башчыларга баш ийүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал эми Сауд Аравиянын элчиси Ияд бин Гази Хаким зыяратчылардын ажылыгын кабыл болуусун тилеп, ажылардан жалпы үммөт үчүн дуба кылууну өтүндү. Айта кетсек, алгачкы рейсте 180 зыяратчы бар.

210