Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 24 миллион 419 миң 280 сомду түзгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, шектүүлөр жүк ташуу жана товар жеткирүү кызматтарын сунуштап, жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алдамчылык аракеттерди жасап келишкен.
“2025-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы ЖЧКдын бири Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы металл базадан жалпы салмагы 44 тонна арматура сатып алган. Жүктү Бишкек шаарына жеткирүү максатында аталган ишкананын кызматкери “WhatsApp” тиркемесиндеги жүк ташуучу топторго жарнама жайгаштырган. Андан соң өздөрүн жүк ташуучу унаанын айдоочулары катары тааныштырган белгисиз жарандар компания өкүлү менен байланышып, арматураны жүктөп алып чыгып кетишкен. Бирок жүк Бишкек шаарына жеткирилбей, Ош шаарына алып барып, башка жаранга арзан баада сатылып жиберилген. Натыйжада компанияга 1 миллион 800 миң сом материалдык зыян келтирилген. 2022-жылы Бишкек шаарынан Ош облусуна курулуш материалдарын жеткирүү шылтоосу менен ири көлөмдөгү курулуш опалубкалары жүктөлүп кетип, кийин базарга сатылып жиберилгени белгилүү болгон. Бул фактыдан жабырлануучуга 1 миллион 669 миң сомдон ашык зыян келтирилген. 2025-жылы шектүүлөрдүн бири жаранга 45 тонна арпа жеткирип берем деп ишенимине кирип, алдын ала 180 миң сом акча алып, товарды жеткирбестен из жашырып кеткендиги аныкталган”, — деп жазылат маалыматта.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган Т.уулу К., 1985-жылы туулган Б.Ш., 2003-жылы туулган А.Д. аттуу жарандардын жүргөн жерлери аныкталып, кармалган. Кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу жалпы 18 арыз-даттануу катталган. Бул фактылар боюнча келтирилген жалпы материалдык зыян 24 419 280 сомду түзгөн. Мындан тышкары, 2 жүк ташуучу автоунааны алдоо жолу менен алышып, мыйзамсыз сатып жиберишкендиги дагы аныкталган. Учурда тергөө амалдары улантылууда.



