Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата жакында Талас шаарына 30 жаңы электробус сатылып алынат.
Электробустарды лизингке сатып алууга мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан 180 миллион сом бөлүнгөн деп билдирди Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев.
Анын айтымында, Талас шаарынын ичиндеги жана аймактардагы тургундарды сапаттуу коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында “Yutong” компаниясынын электробустары алынат.
“Yutong” компаниясынын электробустары толук кубатталгандан кийин 200 чакырымга чейин тынымсыз жүрө алат. Компаниянын электробусун командабыз менен тест-драйвдан өткөрүп, жүрүү мүмкүнчүлүгүн, сапатын жана техникалык өзгөчөлүктөрүн жакындан көрүп чыктык. Электробустардын ыңгайлуулугу, кубаттуулугу жана заманбап шарттары бизге абдан жакты. Жакынкы күндөрү тиешелүү келишим түзүлүп, эки айдын ичинде 30 электробус Талас облусуна жеткирилет. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата жаңы электробустар президент тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылат”, — деди Эрмат Жумаев.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



