7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын шаарында салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды

264

2026-жылдын 15-майында Нарын шаарындагы К. Мамбеталиева атындагы музейде Салттуу кол өнөрчүлүк борбору жана сүрөтчү Залкарбек Эсенкановдун “Ата мээнети – эне мээрими” аттуу жеке көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу маданият министрлиги билдирди.

Иш-чара Эл аралык музейлер күнүнүн алкагында уюштурулуп, ага мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, маданият кызматкерлери жана кол өнөрчүлөр катышты.

Жаңы борбор улуттук кол өнөрчүлүктү сактоо жана өнүктүрүүгө багытталып, шырдак, ала кийиз, сайма, зергерчилик жана өрмөк согуу сыяктуу өнөр түрлөрүн жайылтат.

Программанын алкагында мастер-класстар, этно-көрсөтүүлөр жана “Түнкү музей” акциясы өткөрүлдү.

265