7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Тоо аянтында энелер күнүнө карата ачык асман алдындагы музыкалык кече өттү

326
Бүгүн, 2026-жылдын 17-майында, Ала-Тоо аянтында Энелер күнүнө арналган ачык асман алдындагы музыкалык кече өттү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Борбор калаанын тургундары жана коноктору Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестринин аткаруусундагы музыкалык чыгармалардан ырахат алышты. Концерттик программада эл аралык жана ата мекендик репертуардан белгилүү чыгармалар, анын ичинде Gipsy Kings — «Bamboleo», Ron Sebregts, ABBA GOLD, Bruno Mars — «Uptown Funk», Leonid Friends — «In the Stone», «Кара-Жорго», «Праздничная увертюра» жана башка популярдуу чыгармалар аткарылды. Майрамдык кечеде Кубаныч Алиев, Бакыт Ыбыкеев, Кайрат Примбердиев, Замир Арыкбаев жана Съездбек Искеналиев шаар тургундарына майрамдык ыр десте сунушту
 Эске салсак, энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.
327