ЖКККББ «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чараларына байланыштуу өлкө аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ЖКККББ ата-энелерди жашы жете элек балдарына автоунаа, мотоцикл жана башка транспорт каражаттарынын ачкычтарын бербөөгө чакырат. Тийиштүү айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы жок транспорт башкаруу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Учурда республиканын бардык мектептеринде окуучулар менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана майрам күндөрү коопсуз жүрүм-турум тууралуу маалымат берилүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



