Бүгүн, 24-май айрым аймактарда жаан жаайт, тоолуу аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот.
Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12
күндүз +21…+26, Талас облусу түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21, Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29.
Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29, Ысык-Көл облусу түнкүсүн +5…+10, күндүз +13…+18. Нарын облусу, түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18.
Бишкекте булут каптап, жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +22…+24° болот. Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10°, күндүз +13…+15° болот.



