Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги бөлүгү өтө турган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы жана Кырчын жайлоосундагы инфратүзүмдүк жактан даярдык иштерин текшерди.
Салынып жаткан айланма жолдон жана ички жолдорду оңдоп-түзөө иштеринен кабар алып, көчмөндөр оюндары өтө турган объектилерди көрүп чыкты.
Ошондой эле Мамлекет башчысы Ысык-Көл акваториясын кыдырып, өзүнүн тапшырмасы менен узак убакыттан бери жүргүзүлүп келген көлдөгү браконьерлик менен күрөшүү иштеринин жыйынтыгына көңүл бурду.
Жетишилген ийгиликтер менен кошо көлгө салынган балык торлору, ошондой эле ар кандай таштандылар дагы деле чыгып жаткандыгын баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаровдун бул пландан тышкаркы текшерүүсүнүн жыйынтыгында министрлик жана ведомстволорго тийиштүү тапшырмалар берилмекчи.



