7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Солтобаев Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна барып, жеринде таанышты

304

Талантбек Солтобаев Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна барып, жолду сезондук пайдаланууга даярдоо иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министр тиешелүү мекеме жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, жол оңдоо ишканалары жайгаша турган жерлерди аныктап, үч аймакта тиешелүү объектилерди тез арада куруу тапшырмасы коюлду. Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо максатында таяныч дубалдарын куруу, эстакадалык көпүрөлөрдү жарыктандыруу маселелерин чечүү, жолго түшкөн таштарды тазалоо жана жолду 1-июнга карата ачылышка толук даярдоо боюнча милдеттер жүктөлдү.

Аталган унаа жол июнь айынан ноябрь айына чейин ачык болот.

Министрлик айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана коопсуздук талаптарына жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

305