7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууда калган 8 жаранды Тогуз-Торо менен Сузактын куткаруучулары куткарды

228

Талас облусунун Кара-Буура районунун 6 тургуну( 2 аял, 2 жаш бала, 2 эркек киши) жана башка дагы башка 2 эркек киши кунаа жолдорду сел алып кеткендигине байланыштуу Сары-Кыр ашуусунда калып калышканын куткаруучуларга билдиришкен. Натыйжада Тогуз-Торо менен Сузак райондорунун куткаруучулары тартылган.

Мындан сырткары, жол ачуу иштерине Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруп жаткан кытайлык компаниянын атайын техникалары тартылып, Сузак району тарабынан жол ачуу аракеттери жүргүзүлгөн.

Куткаруучулардын жана Кытайлык компаниянын өкүлдөрүнүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында, жардам сураган 8 жаран аман-эсен куткарылып, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

229