7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады

176

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Кылымдар бою бул ыйык майрам биздин элдерди анын бийик руханий баалуулуктарын – гуманизмди, сооптуу жана пайдалуу иштерди жасоого, берешендикке, адилеттүүлүккө, муктаждарга жардам берүүгө жана өз ара колдоого үндөп келет. Анын бийик руханий баалуулуктары мындан ары да биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана эки жактуу пайдалуу кызматташтыкты, өз ара сый-урмат жана ишенимди, тилектештикти жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем.

Ушул майрам күндөрү Сизге чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана бейпилдик, бакубатчылык, туруктуу прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

177