Бүгүн,1-июнь өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондоруна кар жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32..+37, Таласта +29…+34, Нарын регионунда +23…+28, Ысык-Көлдө +26…+31 градус ысыйт.
Термометр Бишкекте +34…+36, Ош калаасында +35…+37 градусту көрсөтөт.