Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ага президент айлыктан тышкары өзү акча которуп турарын айтты. Бул тууралуу ал журналист Ыдырыс Исаковдун айлык маянасы тууралуу суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
Анын айтымында, президент башка бирөөнүн акчасына муктаж болуп, бюджетке кол салбоосу үчүн акча бөлүп келет.



