Нурдан Орунтаев курулуп жаткан мектептердин курулушун текшерди
18
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан бир катар мектептердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министр курулуп жаткан 4 билим берүү объектисин кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди.
Алар:
• Достук айылында алгачкы жолу курулуп жаткан 750 орундуу мектеп;
• Дордой конушундагы №94 мектепке курулуп жаткан 750 орундуу кошумча окуу корпусу;
• Калыс-Ордо конушундагы №86 орто мектепке курулуп жаткан 650 орундуу кошумча корпус;
• Биринчи Май районунун Садыгалиев көчөсүндө курулуп жаткан 1200 орундуу мектеп.
Мындан тышкары, подряддык уюмдарга мектептердин курулуш иштерин 2026 — 2027- окуу жылына карата өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү талап кылды.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын февраль айында Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө аталган объектилерде курулуш иштери активдүү жүрүүдө.
Анын ичинде:
• Октябрь районунда — 6 объект;
• Ленин районунда — 6 объект;
• Биринчи Май районунда — 5 объект;
• Свердлов районунда — 3 объект.
Долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.