7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эс алуу жайында заманбап музыкалык оргума курулат

12

Бүгүн Ош шаарынын мэри Алымбек-Датка эс алуу жайындагы жаңы музыкалык фонтандын курулуш иштерине старт берди. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин бул жерде эски фонтан жайгашкан. Эми анын ордуна толук оңдолуп-түзөлүп, музыка коштоосунда бийлеген заманбап фонтан орнотулат.

Долбоорго ылайык, узундугу 50 метрге жеткен фонтан жарык жана музыкалык эффекттер менен жабдылат. Кечинде шаар тургундары менен коноктор үчүн өзгөчө кооз көрүнүш тартуулайт.

Мэр курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. Жаңы фонтан шаардын көркүнө көрк кошуп, эс алуу жайынын эң негизги жайларынын бирине айланат.

13