Бишкек шаарындагы Old Bishkek жер алдындагы өтмөгүндө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнө арналган өзгөчө панно салтанаттуу түрдө ачылды.
Паннодо кыргыз элинин тарыхында өзгөчө орду бар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер — Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев жана Абдыкадыр Орозбеков элестетилген.
Ачылыш аземине мамлекеттик катчы баштаган мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер жана тарыхка кызыккан жарандар катышты.
Иш-чаранын алкагында конокторго Негиздөөчү аталар аттуу даректүү тасма көрсөтүлүп, ошондой эле Өчпөсүн өлкө өзөгү китебинин бет ачары өткөрүлдү.
Бул демилге кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсандардын эмгегин даңазалоого жана алардын мурасын жаш муундарга жеткирүүгө багытталган.



