Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды.
Жолугушууда заман талабындагы актуалдуу, анын ичинде санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүшүнө байланыштуу чакырыктар боюнча пикир алмашылды. Тараптар маалыматтык коопсуздукту жана киберкоркунучтарга каршы биргелешкен күрөштү чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Мамлекет башчысы жолугушуу маанилүү учурга – “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын астында өтүп жаткан Уюмдун 25 жылдык маарекеси жана Кыргызстандын төрагалыгы жылында өткөрүлүп жатканын баса белгиледи.
Бул контекстте Садыр Жапаров эл аралык системанын терең трансформациясы жана глобалдык туруктуулуктун кризиси шартында Шанхай кызматташтык уюму туруктуулугун сактап, ишенимди жана коопсуздукту бекемдөөчү ишенимдүү механизм болуп турарын айтты.
Ал заман талабындагы чакырыктарга токтолуп, кылмыш дүйнөсү жасалма интеллектти активдүү өздөштүрүп, киберчабуулдарды автоматташтырып, жалган маалыматты колдонуп жана мыйзамсыз финансы агымдары үчүн жаңы каналдарды ачып жатканын белгиледи. Мамлекет башчысы дал ошондуктан ШКУнун институционалдык базасын бекемдөө боюнча иш жүзүндөгү кадамдарыбыз өзгөчө мааниге ээ экенине айтты.




