7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги №88 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу активдүү уланууда

210

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда жайгашкан №88 жалпы билим берүү мектебине кошумча 500 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу активдүү жүрүп жатат.

Курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тыкыр көзөмөлүндө аткарылып жатат.

Долбоорго ылайык, жаңы корпус заманбап талаптарга жооп берген 3 кабаттуу мектеп имараты болуп, бардык зарыл шарттар менен камсыздалат. Объекттин жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө имараттын экинчи кабатынын колонналарын тургузуу иштери аяктап, курулуштун кийинки этабы башталды.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманын алкагында республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу ыкчам темпте жүргүзүлүүдө.

211