7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Баткендеги селдин кесепеттерин ыкчам жоюуну тапшырды

14

Президент Садыр Жапаров 19-22-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепеттеринен толук кабардар. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соц.тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекет башчысы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды берди.

«Учурда сел кырсыгы катталган аймактарда абалды турукташтыруу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана элге көмөк көрсөтүү иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, күн мурун Баткенде нөшөрлүү жаандан улам бир катар айылдарда сел жүргөн.

15