Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ак-Кудук айыл өкмөтүнө ири өлчөмдө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жүргүзгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө айыл өкмөттүн аймагынан мыйзамсыз таштанды талаасы аныкталган.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык үч протокол түзүлүп, жалпы 68 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча айыл өкмөткө эскертүү баракчасы тапшырылды.



