7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты

15

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты.

Райондун акими Жаныбек Исаков Мамлекет башчысына акыркы жылдардагы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, районду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Белгиленгендей, 2021–2025-жылдары курулуш тармагында жалпы баасы 1 млрд 43 млн сомдон ашык болгон 24 объект ишке киргизилген. Алардын катарында 7 мектеп, 3 спорт залы, 2 бала бакча, 5 административдик объект жана 7 өндүрүштүк ишкана бар. Каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, Өнүктүрүү фондунун, ошондой эле инвесторлордун жана өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү. Жол тармагында көрсөтүлгөн мезгил ичинде 428,4 млн сомдук иштер аткарылды. 35,7 км жол асфальтталып, 89 чакырым жолго шагыл төшөлдү, жалпы аянты 133 миң чарчы метрден ашык жол бетинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Ирригация тармагында олуттуу жыйынтыктар жетишилди. 2021–2025-жылдары 1 млрд 18 млн сомдон ашык суммага долбоорлор ишке ашырылып, тармактын каржылоосунун көлөмү дээрлик 94 эсеге өстү. 2022-жылы башталган 836,3 млн сомдук “Түгөл-Сай” суу сактагычынын курулушу уланууда. Объектти пайдаланууга берүү 2026-жылга пландалууда.

Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо жаатында акыркы беш жылда 379,9 млн сомдук иштер аткарылып, каржылоо 11,5 эсеге көбөйдү. 2026-жылы райондун жети калктуу конушунда жалпы наркы 595,6 млн сом болгон суу менен камсыздоо системаларын ишке киргизүү пландалууда.

Ошондой эле, учурда райондун аймагында 21 объект курулуп жатканы белгиленди. 2026-жылдын аягына чейин административдик имараттарды, социалдык инфраструктура объектилерин, алты чакан футбол аянтчасын жана заманбап спорт комплексин камтыган 16 объектти бүткөрүп, пайдаланууга берүү мерчемделүудө. Кошумча иштөөнү талап кылган маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, райондо мамлекеттик ипотекалык турак жай куруу зарылчылыгы сакталууда — болжол менен 4 350 тургундун турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаждыгы бар. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Чаек айылында аянты 2 гектар жер тилкеси бар.

Мындан тышкары Чаек айылында борборлоштурулган саркынды суу системасын жана тазалоочу курулуштарды куруу, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн райондук аянтчаны түзүү, ошондой эле Жумгал районунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаров аймакты мындан ары комплекстүү өнүктүрүүнүн, калктын жашоо сапатын жогорулатуунун жана белгиленген инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

16