7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын реформасынын алкагында 96 кызматкер кызматтан четтетилди

224

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында 96 кызматкер кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев билдирди.

Анын айтымында, мекемеде түзүмдүк жана тутумдук өзгөрүүлөр уланууда. Реформанын жүрүшүндө 96 кызматкер жумуштан алынган болсо, дагы 24 кызматкерге карата кылмыш иши козголгон.

«Учурда 96 кызматкер жумуштан четтетилди, дагы 24 кызматкерге карата кылмыш иши козголду. Өзүбүз козгогон башка иштер дагы бар», — деди Эрбаев.

Жыйында депутат Элвира Сурабалдиева жарандар УКМКнын ишиндеги оң өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын белгилеп, мекеменин кызматкерлерине байланыштуу көптөгөн арыз-даттануулар түшүп жатканын айтты.

Ошондой эле Алишер Эрбаевдин маалыматына ылайык, Башкы прокуратура тарабынан УКМК кызматкерлерине байланыштуу 386 арыз кабыл алынып, учурда алар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

225