Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өттү.
Калк менен диалогдун жүрүшүндө социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык мүнөздөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде калкты турак жай куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу, таза жана сугат суу менен камсыздоо, спорттук объектилерди куруу, социалдык инфраструктураны модернизациялоо, ошондой эле жарандарды социалдык колдоо маселелери көтөрүлдү.
Тургундар ошондой эле жер тилкелерин трансформациялоо, сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо, заманбап автобекеттерди жана автобус аялдамаларын куруу, коммуналдык инфраструктура объекттерин реконструкциялоо, айрым ишканалардын кызматкерлерине эмгек акыны өз убагында төлөө, ошондой эле турак жай, жер пайдалануу жана сот чечимдери боюнча кайрылууларды кароо менен байланышкан көйгөйлөрдү айтышты.
Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына ар бир кайрылууну кылдат карап чыгып, зарыл чараларды көрүп, көтөрүлгөн маселелерди белгиленген мөөнөттө чечүүнү камсыз кылуу тапшырмасын берди.
Анын ичинде Президент өлкөнүн бардык аймактарында мамлекет көп кабаттуу турак жайларды куруу боюнча долбоорлорду ырааттуу ишке ашырып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал Жумгал районунда жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында айрым жер тилкелерин трансформациялоо жана көп батирлүү үйлөрдү куруу маселелери иштелип чыгаарын баса белгиледи.
Садыр Жапаров суу менен камсыздоо жана ирригация маселелерине токтолуп, республикада суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерди (СЖБ жана ДЖБ) куруу боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатканын айтты. Бул долбоорлорду ишке ашыруу 2030-жылга чейин калкты жана айыл чарбасын суу ресурстары менен камсыздоону кыйла жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Социалдык жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселесине өзүнчө көңүл бурулду. Президент өлкө аймактарында жакынкы жылдары спорт залдарынын жана башка социалдык багыттагы объектилердин курулушу улана турганын билдирди. Ошондой эле заманбап автобекеттин курулушу жана райондун транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу маселелери каралды.
Жолугушууда жарандардын айрым топторун социалдык колдоо маселелери да көтөрүлдү. Мамлекет башчысы турак жай менен камсыз кылуу, социалдык камсыздоо жана башка турмуштук кырдаалдарга байланыштуу бир катар кайрылуулар боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, жер талаштарына, айрым чарбалык субъекттердин ишмердүүлүгүнө, мыйзам бузуулар болушу мүмкүн болгон учурларга, ошондой эле кээ бир кылмыш иштерин тергөөгө байланыштуу кайрылуулар боюнча укук коргоо жана сот органдарына материалдарды калыс жана ар тараптуу кароо тапшырылды.
Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы айтылган бардык маселелер көзөмөлдө болорун белгилеп, райондун тургундарын ар бир кайрылуу боюнча колдонуудагы мыйзамдардын чегинде тийиштүү чечимдер кабыл алынарына ишендирди.




