7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунда жер көчкү түшүп, кыймыл чектелди

241

Бүгүн, 23-июнда Түндүк–Түштүк альтернативдик автожолунда жер көчкү жүргөндүктөн унаалардын кыймылы убактылуу чектөөгө алынды.

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, Сузак районундагы жолдун 340-чакырымында көлөмү болжол менен 4 миң куб метрди түзгөн жер көчкү түшкөн.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар катталган жок.

Учурда жолду тазалоо жана унаа кыймылын калыбына келтирүү иштерине эки жүктөгүч, төрт грейдер жана бир манипулятор тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

ӨКМ айдоочуларды жолго чыгар алдында 112 бирдиктүү кызматы аркылуу жолдун абалы тууралуу маалымат алып, сапарды алдын ала пландаштырууга чакырды.

242