Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты.
Мамлекет башчысына Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Камчыбеков маалымат берди.

Презентация учурунда акыркы жылдары райондо өндүрүштүк база ырааттуу бекемделип, социалдык инфраструктура өнүгүп жатканы белгиленди. 2021-2025-жылдары мал союу, сүт жана жүн иштетүүчү ишканалар ачылды. Өнөр жай тармагына жалпы инвестициянын көлөмү 92,7 млн сомду түздү.
Ушул эле мезгил аралыгында райондо бир катар социалдык объектилер ишке киргизилди, анын ичинде 3 мектеп, 2 бала бакча, 3 фельдшердик-акушердик пункт, райондук оорукана жана 2 спорт залы бар.
2025-2026-жылдары курулушу уланып жаткан объектилерге чоң көлөмдөгү иштер туура келет. Учурда 3 бала бакча, спорт комплекси, Калкты тейлөө борбору, 8 футбол аянтчасы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүнүн имараты, 3 мектеп, музыкалык мектеп, санитардык-эпидемиологиялык борбор, Баетов жана Кайыңды-Булак айылдарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо системалары, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн административдик имараттар жана турак үйлөрдү куруу боюнча 27 долбоор ишке ашырылууда. Курулуп жаткан объектилердин жалпы баасы 2 млрд сомдон ашат.
Калктын турак жай менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл бурулууда. “Ас-Сафа” фондунун колдоосу менен райондо 80 млн сомдук социалдык шаарча долбоору ишке ашырылууда. Анын алкагында 72 үй-бүлө үчүн 18 турак үй курулуп жатат.
Энергетика тармагында кубаттуулугу 1 МВт болгон, наркы 105 млн сомдук “Тогуз-Булак” чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоору ишке ашырылууда.
Иригациялык долбоорлор ири инфраструктуралык демилгелердин арасында өзгөчө орунду ээлейт. Тактап айтканда, баасы 1 млрд сомдук 3352 гектар сугат жерин камтыган “Терек-Сай” он күндүк жөнгө салуучу бассейнин, баасы 4 млрд сомдук 10 280 гектар айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылуучу “Жаман-Даван” суу сактагычын, ошондой эле 850 млн сомго бааланып, 4987 гектарды камтыган “Курка” он күндүк жөнгө салуучу бассейнин куруу каралган. Бул долбоорлорду ишке ашыруу Нарын облусунун жалпы азык-түлүк коопсуздугуна оң таасирин тийгизет.
Презентация учурунда ошондой эле узундугу 221 чакырым болгон Таш-Рабат –Казарман унаа жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди, ал районду Түндүк – Түштүк альтернативдик автожолу менен байланыштырып, транспорттук туңгуюктан чыгуу үчүн кошумча шарттарды түзөт жана түштүк аймактарга, ошондой эле коңшу өлкөлөргө азык-түлүк продукциясын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысына кошумча колдоону талап кылган бир катар долбоорлор тааныштырылды. Алардын катарында Кош-Дөбө айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу, райондук оорукананын имаратын жана медицина кызматкерлери үчүн кызматтык турак жайды куруу, Баетов айылында ички жолдорду, жарыктандыруу системаларын жана тротуарларды реконструкциялоо, ошондой эле 150 орундуу кесиптик лицейдин жаңы имаратын куруу бар.
Презентацияны жыйынтыктап жатып, Президент Садыр Жапаров белгиленген долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун зарылдыгын баса белгилеп, Ак-Талаа районунун калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык потенциалын бекемдөөгө багытталган демилгелерге өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.




