7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ысык-Көл форумунун» Британиядагы жаңырыгы!

250

«Ысык-Көл форуму» жана анда талкууланган маселелер бир жума өтпөй дүйнөнүн булуң-бурчунда оозго алынууда. Форумда утур көтөрүлүп, талкууланган маселелердин бири — Жасалма интеллект (AI).

Анын жакшылыгы менен катар кесепети да тийиши мүмкүн. Ошол себептен Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги макамын колдонуп, «Жасалма интеллект жөнүндөгү» эл аралык конвенциянын демилгечиси болууга тийиш деген сунуш айтылды. Резолюцияга киргизилди.

Дүйнөлүк атагы бар физик, Кембридж университетинин профессору Саксена мырза да ушул идеяны абдан колдоду эле.

«Британиядагы интеллектуалдардын атактуу клубунда «Ысык-Көл форуму», андагы талкууланган маселелер, анын ичинде Жасалма интеллект боюнча Кыргызстан көтөргөнү жаткан демилге тууралуу айтып бердим. Талкуу болду!» — деп билдирди профессор Саксена.

 

 

 

251