7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда жаңы заманбап муниципалдык балык базары салтанаттуу ачылды

255

Балыкчы шаарында республикалык бюджеттин эсебинен курулган 133 орундуу жаңы заманбап муниципалдык балык базарынын расмий ачылыш аземи өттү.

Бул маанилүү долбоордун аткарылышы жана курулуштун сапаты Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаевдин жеке көзөмөлүндө болду.

Жаңы базарда түзүлгөн шарттар:

•Жергиликтүү балык өндүрүүчүлөр үчүн заманбап жана бардык талаптарга жооп берген соода шарттары түзүлдү.
•Шаар тургундарын жана конокторун сапаттуу, таза балык продукциясы менен туруктуу камсыз кылууга жол ачылат.
•Базардын ишке кириши менен шаардыктар үчүн жаңы жумуш орундары түзүлдү.
•Балыктан сырткары, жайкы мезгил учурунда жергиликтүү дыйкандардын мөмө-жемиштерин түз сатуусу үчүн да атайын шарттар каралган.

Жаңы муниципалдык базар шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана куттуу Балыкчы шаарыбыздын экономикалык өсүшүнө чоң салым кошмокчу.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

256