7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда Кожо-Ашкан дарыясынын жээгин бекемдөө иштери аяктады

19

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында Кожо-Ашкан дарыясынын жээгин бекемдөө иштери аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалым болгондой, аталган маселе Элдик курултайдын делегаттары жана жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн. Натыйжада дарыянын кооптуу деп эсептелген 4 миң 260 метр тилкесинин 880 метри толугу менен бекемделди. Анын ичинен Чоң-Гара айылында 500 метр, ал эми Кызыл-Коргон айылында 380 метр аралыкта коргоо иштери жүргүзүлдү.

Жээкти бекемдөөнүн натыйжасында турак үйлөр, короо-жайлар, ички чарбалык жолдор, арыктар жана дыйкандардын айдоо аянттары суу ташкынынын коркунучунан корголду. Буга чейин сугат мезгилинде дарыядагы суунун көлөмү 300 куб метрге чейин көбөйүп, айдоо жерлерин жууп кеткен учурлар катталып келген.

Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 20 миллион сом, Баткен облусун өнүктүрүү фондунан 15 миллион сом бөлүнүп, жалпы 35 миллион сом каражат жумшалды.

Белгиленгендей, Кожо-Ашкан дарыясынын бекемделбей калган 3 миң 380 метр тилкеси Баткен облусун өнүктүрүүнүн 2021–2035-жылдарга карата планына киргизилген.

20