Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымысыз (0%) алып кирүү үчүн бөлүнгөн квота аяктап баратат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылга өлкө боюнча жалпысынан 15 миң электромобилди бажы алымынан бошотуу каралган.
Квотанын канча бөлүгү калганын customs.kg расмий сайтындагы атайын онлайн-эсептегич аркылуу реалдуу убакыт режиминде текшерүүгө болот.
Бажы кызматы белгилегендей, квота толугу менен түгөнгөндөн кийин электромобилдерди импорттоодо Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифине ылайык, унаанын бажы наркынын 15% өлчөмүндө бажы алымы алынат.
Ушуга байланыштуу мекеме электромобил алып келүүнү пландап жаткан жарандарды убакытты өткөрбөй, квотанын абалын көзөмөлдөп турууга чакырды.



