Марокконун Танжер шаарында өткөн жыйында Талас шаары Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер уюмунун (UCLG) расмий мүчөсү болуп кабыл алынды.
Бул уюм дүйнөнүн 140тан ашуун өлкөсүндөгү миңдеген шаарларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын бириктирет.
Уюмга мүчө болуу Талас шаарына эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана дүйнөлүк долбоорлорго катышууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.



