7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кербенде 540 батирлүү ипотекалык шаарча курула баштады

2

Кербен шаарында ипотекалык «Хан-Теңири-7» турак жай комплексинин курулушу расмий башталды.

Президенттин Иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, долбоор Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланат.

Жаңы комплекс 18 блоктон турган 6 кабаттуу үйлөрдү камтып, жалпысынан 540 батирден турат. Анда 126 бир бөлмөлүү, 306 эки бөлмөлүү жана 108 үч бөлмөлүү батир курулат.

Мындан тышкары, комплексте мектеп, бала бакча, балдар аянтчалары, спорттук жана эс алуу жайлары, ошондой эле 453 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай салынат.

Маалыматта белгиленгендей, жаңы турак жай комплекси шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүгө багытталган.

3