7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын ооруканаларына 100 жаңы унаанын ачкычы тапшырылды

20

Бишкекте медициналык мекемелерге 100 даана жаңы Chevrolet Tracker кызматтык унааларын тапшыруу аземи өттү. Бул унаалар борбор калаадагы жана өлкөнүн алыскы, жетүүгө кыйын аймактарындагы ооруканаларга бөлүштүрүлөт.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты. Касымалиев өз сөзүндө медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, саламаттык сактоого бөлүнгөн каражаттардын олуттуу өсүшүнө токтолду: 2021-жылы 21,5 млрд сом болсо, 2025-жылы 52 млрд сомго жеткени айтылды.

Ал ошондой эле жаңы унаалардын өзгөчө маанисин белгилеп, алар алыскы райондордо медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, адамдардын өмүрүн сактоого өбөлгө болорун айтты.

Саламаттык сактоо министри унаалар бардык аймактык ооруканаларга бөлүштүрүлөрүн маалымдады.

21