Бүгүн Ысык-Көл облусунун Корумду айылында шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында Борбордук жана Түндүк Азия чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркмөнстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышууда. Жалпысынан 8 жаштан 20 жашка чейинки 500дөн ашуун жаш шахматчы күч сынашууда.
Катышуучулардын арасында эл аралык жана FIDE мастерлери, ошондой эле дүйнө, Азия жана аймактык чемпионаттардын жеңүүчүлөрү бар.
Агенттиктин директору Урмат Асанбаев бул чемпионат жаш шахматчылар үчүн тажрыйба алмашуу жана чеберчиликти өркүндөтүү үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи.
Мелдештер 9-июлга чейин уланат.



