Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар Пушкин атындагы борбордук сейил бакты реконструкциялоо иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 29-июнда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы бир катар курулуш объектилеринде жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышып, анын ичинде Пушкин атындагы борбордук сейил бактын реконструкциялоо иштерин жеринен көрүп чыкты.
Сейил бактын жалпы аянты 7,5 гектар. Бүгүнкү күндө 12 аттракцион, административдик имарат жана башка негизги объектилердин курулушу аяктады. Учурда аттракциондорду сыноодон өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери улантылып, газон төшөө, автоматтык сугаруу системасын орнотуу, жөө адамдар жана велосипед жолдорун иретке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында заманбап фонтан, спорттук аянтчалар, амфитеатр, кафетерий жана эс алуучулар үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Курулуш иштери министрлик тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда.



