Бишкекте 1-июлдан тарта жүргүнчүлөр «Тулпар» картасы аркылуу 17 сом төлөп, бир сааттын ичинде төрт автобуска чейин кошумча акысыз которулуп жүрө алышат. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, жеңилдик «Тулпар» картасын колдонгондорго гана тиешелүү. Ал эми банктык карта же QR-код менен төлөм жүргүзгөн жүргүнчүлөр үчүн бул мүмкүнчүлүк каралган эмес.
Биринчи төлөмдөн кийин башка автобуска түшүү үчүн кеминде 10 мүнөт өтүшү керек. Ар бир автобуска киргенде картаны сөзсүз валидаторго тийгизүү зарыл. Бул учурда система жол кирени автоматтык түрдө акысыз катары эсептейт.
Эгер биринчи төлөмдөн кийин бир саат өтүп кетсе, кийинки автобуска түшкөндө картадан кайрадан 17 сом алынат жана жаңы бир сааттык мөөнөт башталат.
Ошондой эле департамент картаны валидаторго тийгизгенде акча дароо эмес, бир аз кечирээк эсептен чыгарылышы мүмкүн экенин белгиледи. Бул система жол кирени туура эсептөө үчүн жасалган.



