7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөлүктөргө 31-июлга чейин Кыргызстандан айып пулсуз чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилди

16

1-июлдан 31-июлга чейин миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргызстандан айып пул төлөбөстөн өз ыктыяры менен чыгып кете алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул үчүн жарандар Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү чечимди алышы жана андан соң e-Visa порталы аркылуу мамлекеттик алымсыз чыгуу визасын тариздеши керек.

Жеңилдетилген тартип өлкөдө болуу мөөнөтүн бузган, визасы же уруксат берүүчү документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен, ошондой эле мыйзамдуу жүргөнүн ырастаган документтери жок адамдарга тиешелүү.

Ошол эле учурда кылмыш иши козголгон, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар, төлөнбөгөн айып пулу же салыктык карызы бар адамдар бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышпайт.

Министрлик белгилегендей, бул тартип чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандагы жүрүүсүн мыйзамдаштырбайт, болгону 31-июлга чейин өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө шарт түзөт. Мөөнөттөн кийин мыйзам бузуу менен өлкөдө жүрүүнү уланткандарга мыйзамда каралган чаралар көрүлөт.

17