7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пенсиялык топтоолорду турак жайга колдонууга болот

23

Эми жарандар жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтоо бөлүгүндө 50 миң сомдон ашык каражаты бар болсо, аны турак жай маселесин чечүүгө пайдалана алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, пенсиялык топтоолор ипотека алуу же үлүштүк курулушка катышуу үчүн колдонулат.

Бул үчүн жаран алгач Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө кайрылып, өзүнүн эсеп боюнча көчүрмө алат. Андан соң банкка же курулуш компаниясына барып, ипотека же үлүштүк курулуш боюнча келишим түзүлгөнүн тастыктаган кат алат. Бардык керектүү документтер даярдалгандан кийин алар Социалдык фондго тапшырылат.

Ипотека алуу үчүн паспорт, нике күбөлүгү (зарыл болсо) жана банктын тастыктоочу каты талап кылынат. Ал эми үлүштүк курулушка катышууда кошумча мамлекеттик органдардын жана курулуш компаниясынын расмий маалым каттары керектелет.

Бул тартип жарандардын пенсиялык топтоолорун турак жай сатып алууга же курулушка пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт.

24