7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир күндө Бишкекте 720 миңден ашуун жол кире накталай эмес төлөндү

17

Бишкек шаарында коомдук транспортто бир күндүн ичинде 720 миңден ашуун жол кире накталай эмес ыкма менен төлөндү. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, жолугушуу №2 автобазада өтүп, анда жол кирени накталай эмес төлөө системасына толук өтүү маселеси талкууланды.

Шаар башчысы белгилегендей, жаңы төлөм системасы транспорттук тейлөөнүн сапатын жогорулатып, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыздайт. Анын айтымында, быйыл апрель айынан тартып коомдук транспорттун айдоочуларынын эмгек акысы 33 пайызга көбөйтүлгөн.

«Эми биздин негизги милдетибиз — жаңы окуу жылы башталганга чейин жол кирени накталай эмес төлөө системасын толук ишке киргизүү», — деди Айбек Жунушалиев.

Мэр ошондой эле бардык түшкөн каражаттар коомдук транспортту жаңылоого, айдоочулардын эмгек акысын жогорулатууга, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана тармактагы башка көйгөйлөрдү чечүүгө жумшаларын белгиледи.

Мындан тышкары, буга чейин колдонулуп келген айдоочулардын план менен иштөө системасы жоюлуп, эмгек шарттарын ачык-айкын уюштурууга шарт түзүлгөнү айтылды.

Эске салсак, 1-июлдан тартып Бишкекте коомдук транспортто жол кирени накталай төлөө токтотулуп, төлөмдөр «Тулпар» транспорттук картасы, Visa, Mastercard, «Элкарт» банктык карталары, QR-коддор жана башка электрондук төлөм сервистери аркылуу жүргүзүлүүдө.

18