7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2026–2027-окуу жылына ЖРТнын босого баллдары бекитилди

11

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) босого баллдарын бекитти.

Министрликтин маалыматына ылайык, босого баллдар мамлекеттик гранттык орундарга жана контракттык негизде окууга тапшыруу үчүн минималдуу талап болуп эсептелет. Конкурска босого баллга тең же андан жогору упай алган абитуриенттер гана катыша алышат.

Жогорку окуу жайлар үчүн босого баллдар:

  • көпчүлүк адистиктер – 110 балл;
  • педагогикалык багыттар: грант – 130 балл, контракт – 115 балл;
  • саламаттык сактоо багыттары: грант – 120 балл, контракт – 110 балл;
  • айыл чарба багыттары – 100 балл;
  • аскердик билим берүү – 90 балл;
  • предметтик тесттер – кеминде 60 балл.

Орто кесиптик окуу жайлар (колледждер) үчүн:

  • көпчүлүк адистиктер – 90 балл;
  • педагогикалык адистиктер: грант – 95 балл, контракт – 90 балл;
  • саламаттык сактоо адистиктери: грант – 95 балл, контракт – 90 балл;
  • айыл чарба адистиктери – 80 балл;
  • предметтик тесттер – кеминде 40 балл.

Ошондой эле жеңилдетилген категорияларга кирген абитуриенттер үчүн өзүнчө босого баллдар белгиленди. Аларга I жана II топтогу майыптыгы бар жарандар, бала кезинен майыптыгы бар адамдар, жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар кирет.

Бул категория үчүн босого баллдар төмөнкүдөй:

  • жогорку окуу жайлар – 90 балл;
  • колледждер – 70 балл.
12