«Кыргызстан аэропорттору» ААК Кытайдын ири логистикалык компаниясы ZTO Express менен Бишкек аркылуу Европага жаңы эл аралык жүк ташуу багытын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жүктөр алгач автоунаа менен Кыргызстанга жеткирилип, «Манас» эл аралык аэропортунда кайра жүктөлгөндөн кийин аба транспорту аркылуу Европа өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.
Компаниянын маалыматына караганда, бул долбоор Азия менен Европанын ортосундагы жүк жеткирүү мөөнөтүн кыскартып, транзиттик жүк агымын көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экономикасына кошумча киреше алып келүүгө, ошондой эле эл аралык аба ташууларын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, чет элдик өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдеп, өлкөнүн авиация тармагынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Кыргызстан Азия менен Европанын ортосундагы маанилүү логистикалык борборлордун бирине айланып жатканын белгиледи.



