7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Gotürkiyeнин долбоорлору эл аралык сынакта жогорку сыйлыктарга ээ болду

14

Түркиянын Туризмди өнүктүрүү агенттигинин (TGA) GoTürkiye платформасынын кинематографиялык долбоорлору US International Awards 2026 эл аралык сынагында жогорку сыйлыктарга ээ болду.

Сынакка 25 өлкөдөн 100дөн ашуун долбоор катышып, GoTürkiyeнин «Түркиядай бол, Түркияга бар» аттуу кампаниялык тасмасы жана «Анталья Гамбит», «Стамбул- менин сүйүүм» мини-сериалдары өзгөчө бааланды. «Түркиядай бол, Түркияга бар» тасмасы «Корпоративдик видеолор — өлкөнү таанытуу» категориясында Күмүш сыйлыкка татыды. TGA жана Turkish Airlines биргелешип даярдаган тасма Түркиянын маданиятын, тарыхын, жаратылышын жана жашоо образын көрсөтөт. Ал эми GoTürkiyeнин алгачкы мини-сериалы «Анталья Гамбит» «Онлайн жана социалдык медиа- шаарды таанытуу» категориясында Күмүш сыйлык алды. 10 эпизоддон турган сериал аркылуу Антальянын жаратылышы, тарыхый жайлары, курорттору жана ашканасы көрсөтүлгөн.

«Стамбул -менин сүйүүм» мини-сериалы ушул эле категорияда Финалист сыйлыгына ээ болду. Анда Стамбулдун Босфор, Галатапорт, Бейоглу сыяктуу белгилүү жайлары жана шаардын заманбап жүзү баяндалат.

Буга чейин GoTürkiyeнин беш мини-сериалы дүйнөлүк санариптик платформаларда 7,69 миллиард жарнамалык көрсөтүүгө жана 4,4 миллиард көрүүгө жеткен. Платформа жакында алтынчы долбоору -«Бирюза жайы» мини-сериалын да сунуштады.

TGA бул долбоорлор аркылуу Түркияны туристтик багыт катары гана эмес, бай маданияты, тарыхы, жаратылышы жана өзгөчө жашоо образы бар өлкө катары дүйнөлүк аудиторияга таанытууда.

15