7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндүк- түштүк альтернативдик жолунда кулаган таштар тазаланды

296

Түндүк–түштүк альтернативдик унаа жолунун 239–243-чакырымында тоо боорунан кулаган таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен саат 09:00дөр чамасында таштар кулаган маалымат катталган. Окуя болгон жерге №24 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери барып, атайын техникалардын жардамы менен тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Учурда жол каттамы толук ачык.

Министрлик айдоочуларды бул тилкеде этият болуп, жол белгилерин жана кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так сактоого чакырды.

297