7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте курал-жарак жана гранаталарды мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды

217

Бишкек шаарында ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Махатма Ганди жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаа текшерилип, жүргүнчүлөрдүн бирине таандык спорттук баштыктан ПМ жана REX PERFEKTA үлгүсүндөгү тапанчаларга окшош буюмдар, белгисиз үлгүдөгү тапанча-пулемётко окшош курал, ок-дарылар, төрт граната, беткап жана аскердик кийим табылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү 1983-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон жаран экени аныкталды.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, табылган баштык мурда өзү менен бирге жаза мөөнөтүн өтөгөн, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары белгилүү болгон Чыңгыз Жумагуловго («Чыңгыз Дөө» каймана аты менен белгилүү) таандык болгон.
Учурда алынган курал-жарактар менен ок-дарылар соттук экспертизага жөнөтүлүп, тергөө иштери уланууда.

218