7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мотоцикл айдоого «А» категориясын мамлекеттик автомектептерден алууга болот

242

Мотоцикл айдоо үчүн керектүү «А» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү мамлекеттик автомектептерде окуп алууга болот. Бул тууралуу Унааларды каттоо мамлекеттик борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин айдоочулук күбөлүк албаган жарандар эки айлык окуудан өтүп, теориялык жана практикалык сынактарды ийгиликтүү тапшыргандан кийин «А» категориясын алышат.

Ал эми «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар жарандар эки ай окубастан, теориялык сынак тапшырбай эле практикалык сынактан өтүп, «А» категориясын ала алышат.

Ошондой эле «А» категориясынын ээлери практикалык сынактан өтүү менен мопед жана скутер айдоого уруксат берген «А1» категориясын да ала алышат.

243