7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Тамчы» инвестициялык аймагы жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат

2

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Ысык-Көл облусундагы “Тамчы”атайын финансылык инвестициялык аймагынын (АФИА) ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана өнөктөштөр катышты.

Салтанаттуу аземди ачып жатып, Мамлекет башчысы бул аймак региондук жана дүйнөлүк экономикалык процесстер үчүн жаңы инвестициялык аянтча болорун белгиледи.

Президент долбоордун укуктук базасына жана институционалдык негиздерине токтолду.

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө мыйзам аркылуу аймактын макамы, анын укуктук негизи, иштөө тартиби, башкаруу органдары, жөнгө салуу, каттоо, лицензиялоо, талаштарды чечүү механизмдери жана катышуучулар үчүн кепилдиктер аныкталды. Мына ушундай дыкат мамиле менен “Тамчы” инвестициялык аймагынын узакка иштөөсүнө, инвесторлордун ишеними менен бул долбоорго катышуучулардын бардыгынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган толук кандуу укуктук институт түзүлдү”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы долбоорду ишке ашыруудан күтүлүп жаткан экономикалык жыйынтыктарга өзгөчө көңүл бурду.

“Алдын ала мерчемдөөлөргө ылайык, бул долбоор акырындык менен өнүгүү темпине чыгып, 2035-жылга чейин бул инвестициялык аймакта 3 900дөн ашуун резидент-компаниялар иштээри, 10 миңден ашык

жаңы жумуш орундары түзүлөрү күтүлүүдө”, — деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаров долбоордун көп тараптуу экономикалык таасири тууралуу да айтты.

“Сиздерге маалым болгондой, финансылык инвестициялык атайын аймакка компаниялар келгенде, алар менен кошо куруучуларга, жеткирүүчүлөргө, транспорттук компанияларга, мейманканаларга, ресторандарга, сервистик мекемелерге, фермерлерге жана ишкерлерге жаңы буйрутмалар келет. Ошентип бул долбоор элибизге жумуш, бизнеске жаңы мүмкүнчүлүк, ал эми мамлекетке экономикалык өсүүнүн жаңы булактарын берет”, — деди Мамлекет башчысы.

Президент АФИАнын атаандаштык артыкчылыктары Дубай, Сингапур жана Люксембург сыяктуу дүйнөлүк финансылык борборлордун ийгиликтүү тажрыйбасына негизделгенин белгиледи.

“Биз бул өлкөлөрдүн тажрыйбасынан натыйжалуулугу далилденген, текшерилген үлгүлөрдү алып, аларды Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктары,

Ысык-Көлдүн уникалдуу жайгашуусу, адамдык потенциалыбыз менен айкалыштырууга аракеттендик”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагында коммерциялык жана инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү боюнча Эл аралык борборду түзүү өзгөчө мааниге ээ. Бул борбор көз карандысыз, ишенимдүү, эл аралык деңгээлде таанылган болуп, англиялык укуктун негизинде иш алып барат.

“Мындай маанилүү кадам аталган долбоорго болгон ишенимди күчөтүп, “Тамчынын” укуктук архитектурасын негизги атаандаштык артыкчылыктарынын бирине айлантат”, — деди Садыр Жапаров.

Президент эң маанилүү маселелердин бири — Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо экенине өзгөчө токтолду.

“Мен өлкө башчысы катары бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада «Тамчы» атайын аймагын өнүктүрүү дал ушул көлүбүздү,

ажайып кооз жаратылышыбызды сактоо талаптарын толук эске алуу менен ишке ашырыларын ачык айта кетейин.

Табияттын бермети болгон Ысык-Көл – биздин улуттук байлыгыбыз, өлкөбүздүн өзгөчө символу. “Тамчы” атайын аймагындагы кандай долбоор демилгеленбесин, экологиялык талаптарды эске алуу менен гана, тыкыр көзөмөл астында ишке ашырылат”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле эл аралык инвесторлор үчүн «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы Кыргызстан заманбап стандарттар жана принциптер менен иштөөгө даяр, ачык жана айкын мамлекет экенинин белгиси болорун кошумчалады.

“Тамчы” аркылуу биз дүйнөгө ишенимдүү, туруктуу жана жогорку деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү жаңы Кыргызстанды таанытабыз. Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Бүгүн алдыбызда чоң-чоң милдеттер турат.

Өлкөбүзгө экономиканын масштабын өзгөртө турган долбоорлор зарыл”, — деди Мамлекет башчысы.

Сөзүнүн аягында Президент Кыргызстанда жаңы деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

“Мен “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы бүтүндөй региондун инвестициялык экономикасынын тарыхында жаңы барак ачарына жана дүйнөнүн алдыңкы эл аралык финансылык-инновациялык жана туристтик борборлорунун бирине айланарына бекем ишенем”, — деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы символикалык түрдө геобелгини иштетип, дүйнөлүк финансылык картада жаңы чекиттин пайда болгонун белгиледи.

Мындан кийин Президент алгачкы беш резидентке сертификаттарды тапшырды. Алар БАЭ, Гонконг, Швейцария жана Түштүк Кореядан келген компаниялар – SkyBridge Digital Finance компаниясы, төлөм платформасы Thunes, брокердик компания Victory Securities, финтех компаниясы Onchain Technologies жана көп профилдүү холдинг Serim болду.

Мындан тышкары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн дагы 15 компания “Тамчы” АФИА резиденти катары каттоо жол-жобосунан өтүп жатат.

“Тамчы” АФИА Англис укугу принциптеринин негизинде иш алып барат. Анын аймагында өзүнүн финансылык жөнгө салуучу органы, Эл аралык талаштарды чечүү борбору жана бирдиктүү санариптик каттоо системасы иштейт.

Резиденттер үчүн 49 жылдык мөөнөткө киреше салыгы, дивиденддерге салык, капиталдын өсүшүнө салык жана кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча нөлдүк салык режими каралган. Ошондой эле компанияларга чет элдик жарандардын 100 пайыз ээлик кылуусуна жана алынган пайданы эркин сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк берилген.

Тамчы айылынын жанында жайгашкан борбордун аймагында заманбап бизнес-борбор иштеп жатат. Учурда мейманкана комплекстери жана турак жай объектилери курулууда. Ага жакын жерде “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту жайгашкан. “Тамчы” АФИА жалпы аймагы болжол менен 6 миң гектарды түзөт.

3